Category Archives: Kыргызча
Оруссиянын ору – Кыргызстандын кору
Оруссиянын премьер-министри Владимир Путин чет элдик жумушчу мигранттардын санын 700,000 адамга кыскартуу чечимин кабыл алды. 2,000,000 тышкы мигранттардын арасында Кыргызстандык жумушчулар аз эмес, жана ар кыл маалыматтарга караганда, бир миллионго жетпеген биздин жердештер бул өлкөдө жумуш менен алектенип келишет.
Профсоюздар менен жолугушуу учурунда Владимир Путин быйылкы жылы мигранттардын санын эки эсеге азайткандыгын белгилеген. Ал эми 2010 [...]
Күз менен коштошойлу
Кечээ эле күздүн узактыгы жөнүндө сөз кылсак, бүгүн минтип нөшөрлөп жааган жаандан коргонуп, качан кар жаай салат экен деп сестенип олтурган учурубуз. Төмөндө бүгүнкү жаандан, жана саргайган жалбырактардын жерге оонап, тал теректердин кыштын келээрин баамдап тургандыгы тууралуу бир нече сүрөттөрдү бул жерге коюудамын.
Башкаруу кеңештери: Коучинг жана Жоопкерчиликти бөлүштүрүү
Топту тепсең алыска учуп кетет, же бирөөнүн айнегин сындырат. Андан дагы жаманы, агын суу жаныңда турса, ага түшүп агып кетүүсү мүмкүн. Команданы (топту) туура эмес башкарууда дал ушундай жыйынтыктарга жолугуу мүмкүн.Уюм же топ лидери эгерде авторитардык маанайда иш алпарса, демек топту тебүүдөгүдөй эле ыкмага тете. Ар дайым тээп турбаса, топ кыймылдабайт жана башкаруучуга көптөгөн ыңгайсыз [...]
Recent comments