Азаттыктан Акыркы Шилтемелер :)

Азаттыктан чалып, же чакырып, андан соң интервью алгандан кийин өзүм же укпай, же окубай калам. Бүгүн атайын кирип, бардыгын окуп чыкты. Төмөндө мен окубаган интервьюлардын тизмеси Азаттыктын сайтынан издөө жүргүзгөндө чыкты :)

Кол тийбестик жана жоопкерчилик

14.08.2010 20:15

маселе жаңы парламент келгенде карап, колго салганда деле ал мыйзам өтмөк. Өзү негизи кол тийбестик дегенди депутаттардан да, балким президенттен да алып салышыбыз керек. Ошол эле учурда айрым талдоочулар Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу маселеси туура көтөрүлгөндүгүн белгилешет. Бирок серепчи Мирсулжан Намазалиев бул чечимди кабыл алуудагы эрежелердин өзгөчөлүгү анын укуктук негиздерине шек келтирет деп эсептейт: – Кыргызстандын элинин эркиндигин жана укуктарын тебелеген президенттердин бардыгы жазага тартылышы керек. Бирок мына бул декрет аркылуу Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу маселесинде анын мыйзамдуулугу боюнча маселе

Саясий күрөш: сахна артында эмне кеп?

10.08.2010 10:55

болгон аракеттер көрүлүүдө. Бул жолу биз келаткан шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөнөт, мактоо-каралоо иштеринин таасири жана саясий технологдордун сахна артындагы жумушу тууралуу медиа эксперт, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Элира Турдубаева жана Борбор Азиялык Эркин рынок институтунун директору, белгилүү блогчу Мирсулжан Намазалиев менен маек курдук. Аида Касымалиева: Элира, Мирсулжан, өткөн жылдары президенттик, парламенттик шайлоолор өттү. Бул жолку шайлоолордо өзгөчөлүктөр барбы? Элира Турдубаева: 2009-жылкы шайлоолордо үгүт иштеринде жаңы технология, жаңы медиа колдонулган эмес. Бул жылкы шайлоолордо социалдык тармактар, ошол эле фейсбуук, туиттер, интернет сайттар, интерактивдүү ыкмалар колдонулуп жатат. Мисалы форумдар, diesel.elcat.kg сайты да абдан популярдуу болуп, ал жакта шайлоочулар да өз

М.Намазалиев: Реформа үчүн Грузиядан өрнөк алуу керек

30.07.2010 08:18

Илим Жанузаков Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз обосунда экономикалык ишмердүүлүктөрдү текшерүүчү органдарды реформалоо маселесине кайрылдык. Кабарчыбыздын суроолоруна “Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун” жетекчиси Мирсулжан Намазалиев жооп берди. – Ушул тапта Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктөрдү жүргүзүү канчалык эркин, ачык жана таза? Мурдагы экономикалык ишмердүүлүктөрдү текшерүүчү органдардын ишинде өзгөрүш байкалабы? – Биринчиден, тилекке каршы экономикалык эркиндиктерге байланышкан процесстер туура эмес өтүп аткандыктан, көптөгөн ишкерлер, инвесторлор азыркы тапта бизнести баштоодон ….

Түштүккө кандай аскер базасы керек?

19.07.2010 20:56

түштүккө базаны түзүш керек. Болгондо дагы атайын ыкчам аба күчтөрүн, десанттык башкаруу кызматын түзүү зарыл. Аны Жалал-Абад менен Оштун ортосундагы чекке коюш керек. Түштүктөгүдөй жаңжал чыгып кете турган болсо эки жакка тең жеткидей болушу керек. Ал эми жаш активист Мирсулжан Намазалиев түштүккө база ачуунун эки тарабы бар деген ойдо. Ал маселе чечилерден мурда базанын милдетин жана мөөнөтүн тактап алууну сунуштайт: – Бул жерде абдан көп жардамы болгон менен тобокелдери да көп. Кай бир учурда бири-бири менен атаандашып калган өлкөлөрдүн базалары

Майданга жалгыз аттанган маарага жетпейби?

10.07.2010 21:30

беришсе. Эми жанагы улутчулдукту-мекенчилдикти алып көрөлү. Бул деген эми баардыгында эле бар да, бул деген жалпы да. Бардыгы эле өздөрүн социалистти деле, демократы, либералы деле мекенчилмин деп эсептейт. Бул жөн эле популисттик идея. Мисал үчүн жаш бала чыгып жатат. Мирсулжан Намазалиев деген. Ал айтып жатат жеке менчиктин кызыкчылыгын коргойм. Жеке адамдын укугун коргойм деп. Мына ушуну идеология десе болот. Алардыкы конкретүү чыныгы либералдык багыт. Ошол эле учурда булардан башка да партиялардын биригүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы айтылгандыгы менен азырынча бир

“Азаттык+”: Ошко кантип бейпилдик орнотобуз?

06.07.2010 12:27

болушу керек? – Элдешүүдөгү исламдын орду? – Ынтымакка чакырган акциялар, баракчалар жана көчө жарнактары кандай таасир берет? -Ошту кайрадан калыбына келтирүүдө жаштар кандай салым кошо алышат? Ушул жана башка суроолорго конфликтолог Жыргалбек Касаболотов , журналист Толкун Умаралиев , медиа эксперт Элира Турдубекова , жаш активист Мирсулжан Намазалиев жана Ош окуясына күбө болгон студенттердин катышуусунда өткөн кызуу талкуудан жооп алсаңыз болот. Кызыктуу берүүнү 12-июль , келаткан дүйшөмбүдө, кечки саат тогузда Улуттук Биринчи каналдан көрүңүз! Эгерде сиз “Азаттык плюс” сыналгы жана үналгы берүүлөрүнө ой-пикир, сунуш айтам десеңиз

ЕврАзЭШтен Кыргызстанга эмне пайда?

05.07.2010 18:13

Ырасмий Астананын мындай аракетинен Казакстандын түштүгү да жабыркап, Алматы баш болгон ири калааларда азык-түлүк баасы асманга чыгып кетип, нааразычылыктарды жараткан. Казакстан чек арасын Киров суу сактагычынан суу келбей калган күндүн эртеси гана ачты. “Борбор Азиядагы эркин рынок” институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин ырасташынча , дал ушундай себептерден улам мурдагы СССР чөлкөмүндө жаралган бирикмелер менен гана чектелбей, башка да товар алмашуу жолдорун да издөө керек. Маселен, Кытай менен соода байланышты дагы да тереңдетип, кийинчерээк алар аркылуу океанга чыкса болот. Анткени дүйнөлүк рынокко батыл

Максим Бакиевге “саясий качкын” макамын бербөө талабы коюлууда

18.06.2010 15:56

чыгышты. Алар колдоруна “М. Бакиевди жоопко тартуу керек”, “Качкын макамын криминалга бербеш керек” деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп алышкан. Мындай талап менен чыккандар ар кыл жаштагы адамдар. Арасында изилдөө жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү. Бул тууралуу “Азаттыкка” пикетте жүргөн жаш активист Мирсулжан Намазалиев билдирди. (КЕ)

Милдеттүү каттоого туруу зарылбы?

10.06.2010 19:39

болбой тургандыгын, каттоонун ордуна башка ыкмалар иштелип чыгышы керектигин белгилешет. Өлкө ичиндеги жер которууларда каттоого туруу милдеттенмесин бир катар жаштар совет мезгилинин калдыгы катары баалашат. Алардын пикири боюнча каттоону таптакыр эле жоюп салуу керек. Борбор Азиялык Эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев белгилегендей, учурда милдеттүү түрдө каттоого туруу жарандар үчүн ашыкча түйшүк болуп жатат: – Мисалы, бирөө бир айылдан же региондордон Бишкекке келсе, ал адамдын Бишкектеги каттоосу жок болсо, ал бул жакта соода кыла албайт, көчөдө семичке да сата албайт. Бул мыйзамдын

Leave a Comment

Get Adobe Flash playerPlugin by wpburn.com wordpress themes