Оруссиянын премьер-министри Владимир Путин чет элдик жумушчу мигранттардын санын 700,000 адамга кыскартуу чечимин кабыл алды. 2,000,000 тышкы мигранттардын арасында Кыргызстандык жумушчулар аз эмес, жана ар кыл маалыматтарга караганда, бир миллионго жетпеген биздин жердештер бул өлкөдө жумуш менен алектенип келишет. Профсоюздар менен жолугушуу учурунда Владимир Путин быйылкы жылы мигранттардын санын эки эсеге азайткандыгын белгилеген. Ал эми [...]
