Nov 09
4
Башкаруу кеңештери: Коучинг жана Жоопкерчиликти бөлүштүрүү
Топту тепсең алыска учуп кетет, же бирөөнүн айнегин сындырат. Андан дагы жаманы, агын суу жаныңда турса, ага түшүп агып кетүүсү мүмкүн. Команданы (топту) туура эмес башкарууда дал ушундай жыйынтыктарга жолугуу мүмкүн.Уюм же топ лидери эгерде авторитардык маанайда иш алпарса, демек топту тебүүдөгүдөй эле ыкмага тете. Ар дайым тээп турбаса, топ кыймылдабайт жана башкаруучуга көптөгөн ыңгайсыз абалдарды жаратат:
Ар дайым лидер ойлонуп, чечип турушу керек
Ал болбосо команда кыйрап калат жана уюм иштебей калат
Топтогу демилгечилик, чеберчилик жана ойлонуп табуучулук азайат
Азыркы учурда көптөгөн уюмдардын лидерлери алдыга койгон максаттарын ишке ашыра алышпай, кыйналып кысталса дагы, аларды аткарууга аракет жасашкан учурлары көп. Анан дагы, жасалган иштин көпчүлүк бөлүгүн уйкудан калса дагы топ лидери жасайт. Себеби, башкаларга ал ишенбейт жана башкалар мындай жоопкерчиликтен алыс качышат.
Бир таанышым, жумушунда ар дайым кармалып, бирок ошол эле учурда көптөгөн иштерин аткарууга жетишпей жүрчү. Бир күнү андан, эмнеге мынчалык көп иштейсиң десем, менин тобумдагы адамдар жоопкерчиликтен качышат жана бардыгын өзүм кылууга мажбурмун деди.Эгерде минтип иштей турган болсо, анда ага команданын эмне кереги бар эле?
Андыктан, менин негизги кеңешим, колдон келишинче жаңы топту чогултуп, аларга ишенип-ишенбесең дагы аткарылчу иштерди бүтүндөй түшүндүрүп, бирок толук жоопкерчиликти аларга жаап кой. Аларды сазга ыргытсаң, алар элестелбеген жыйынтыктарга жетишет дедим.Бир нече айдан кийин ал чындап эле колу бошоп, көрсө баардык жоопкерчиликти топко жүктөп, өзүңдү бош алып жүргөн жакшы турбайбы. Ошондо командада көптөгөн идеялар пайда болуп, тажрыйбасы өсүп, жана аткарылган иштер чыныгы жыйынтыкка жетет экен деди.
Бул жердеги негизги мораль: кеңеш берүү менен жыйынтыктарды кабыл алуудан тышкаркы бардык ишаракеттерди башкаларга өткөрүп бере алуу – негизги жыйынтыктарга жеткирет. Ошол эле учурда ар нерсени пландаштырууга, пикир жана идея чогултууда сөзсүз түрдө команданы аралаштыруу абзел.
Азыркы учурда менин жаңы уюмумда ондон ашуун өз ыктыяры менен иштеген стажерлор, волонтерлор бар. Алардын алигече студент жана тажрыйбасы чоң эместигине карабастан мен ушул жылы өткөрүлчү 10 негизги ивенттерди аларга бөлүштүрүп, андан тышкары медиа-план, фандрейзинг-план жана шериктешүү-пландарды дагы иштеп чыгууга аларды толук бойдон аралаштырдым.
Уюмдагы менин негизги ролум – коучинг – азыраак тажрыйбалуу ишкерди иш жараяндарга түздөн-түз аралаштырып, кеңеш берип жана устат болуу менен үйрөтүп өнүктүрүү. Бул ыкма менин убактымды сактоого жардам берет.
Мисалы, жакында мен 1,5 айга чет өлкөгө кетем. Бирок, 2 айдан кийин 6-7 негизги иш аракеттерибиз өтөт. Анын бардыгын менин волонтерлорум алпарышат, жана менин үстүртөн жардамым аркылуу, сапаттуу кылууга үлгүрүшөт.
Эгерде, коучинг жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү технологияларын өздөштүрө алсаңыз, анда сиздин дагы уюмуңуз өркүндөп өнүгүп, ал эми өзүңүз болсо убактыңызды сактай аласыз.
